Тарых

«БИР ТОП» компаниясы 2011-жылдын декабрь айында Бишкек шаарында негизделген (Юстиция министрлигинде катталган күнү: 2011-жылдын 22-декабры). Микрокаржылоо боюнча укук берүүчү Улуттук Банктын күбөлүгү 2012-жылдын 9-январында алынган.

Сатуу ишмердүүлүгүнүн башталышы (биринчи кредиттин берилүүсү) 2012-жылдын апрель айында болгон.

Компания өз ишин 2012-жылдын башында баштаганда болгону 3 кызматкер иштеген, бүгүнкү күндө болсо республиканын бүткүл аймагында 124 кызматкер штатта эмгектенип, 19 тейлөө кеңсесинен турган кеңири аймактык тармакка ээ.

Бүгүнкү күндө «БИР ТОП» МККсы 11 жылдан бери өлкөнүн каржы рыногунда туруктуу өнүгүп жаткан Компания болуп саналат. Компания күн сайын көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатып, заманбап каржы жана маалыматтык чечимдерди колдонуу менен бизнес-процесстерди тынымсыз өркүндөтүп жана өнүктүрүп келет.


Максат

Биздин Компания – Инвесторлордун мөңгүсүнөн башталган, Кардарлардын түшүмдүү талааларына өмүр берчү нымдуулукту жеткирген толук агымдуу дарыя. Ар бир жыл сайын кызматкерлерибиздин жана өнөктөштөрүбүздүн тынымсыз эмгегинин аркасында Бизнестин дарыясы кеңейип, тереңдеп, планетабыздын суусуз өрөөндөрүнө барган сайын тереңирээк кирип баратат.


Баалуулуктар

Биздин баалуулуктар – жашоого жана ишке болгон мамиленин негизи, оор кырдаалдарда чечим кабыл алууга көмөктөшүүчү ички компас, биз сактап келген принциптер. Биз ыйык туткан баалуулуктар — Бул: Чынчылдык, кардарларга багыт алуу, кесипкөйлүк, ачыктык, маалыматтуулук, ишкер адептүүлүк, өз ара урматтоо жана инновациялуулук.

  1. Чынчылдык — бул адамдын мүнөзүнүн өзгөчөлүгү болуп, урматтоого, адилеттүүлүккө, алдоого барбоого жана эч нерсени жашырбоого чакырат, сөз менен иште түз болуу, жеткис убадаларды бербөө, бардык адамдарга бирдей мамиле кылуу, чыныгы абалды сөздөрүбүздө, иштерибизде жана маалыматтарыбызда чагылдыруу.
  2. Кесипкөйлүк – бул кызматтарды тийиштүү көңүл, камкордук, компетенттүүлүк жана тактык менен көрсөтүү жөндөмдүүлүгү, ошондой эле, бул кардарлар же кызматкерлер бул кызматтардан пайда ала алышы үчүн керектүү деңгээлдеги билимдерди, жөндөмдөрдү жана компетенттүүлүктү туруктуу сактоо жоопкерчилиги.
  3. Жоопкерчилик – бул адамдын өз сөздөрүн, аракеттерин жана алардын кесепеттерин сактоо жөндөмдүүлүгү, ошондой эле өзүнө талап коюп, кесипкөйлүк духунда алган милдеттенмелерди аткаруу.
  4. Командалык иш (командалык рух) — бул бири-бирине болгон урмат-сыйга негизделген жана «бирөө баары үчүн жана баары бирөө үчүн» духундагы биримдикке чакырган принцип, ал компаниянын Миссиясы жана көз карашынын ишке ашуусуна багытталган жалпы аракеттерди талап кылат. Бирок бул принцип ар дайым кызматкерлердин жеке демилгелерин чектөө үчүн эмес, жалпы максаттарга жетүүдө акылга сыярлык чектөөлөрдө колдонулушу керек.
  5. Каржылык ачыктык – бул инвесторлорго, кредиторлорго, донорлорго жана ишенимдүү адамдарга биздин уюмга зыян келтирбестен колдонууга мүмкүн болгон, биздин уюмдагы бизнес абалын чагылдырган формада каржылык маалыматтарды жеткиликтүү жана ачык берүү.

Колдоо кызматы

Телефон

996 (312) 975-801

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Аалы Токомбаев көч., 29/7

Кредит берүү кызматын «БИР ТОП» Микрокредиттик компаниясы Жоопкерчилиги чектелген коому көрсөтөт. КР Улуттук банкынын күбөлүгү №423, 09.01.2012-ж.

© 2025 birtop.kg. Бардык укуктар корголгон.